Атактуу футболчу Криштиану Роналду эң көп катталуучу топтоо боюнча Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Аль-Наср" жана Португалия курама командасынын чабуулчусу 24 саатта YouTube платформасында эң көп жазылуучу топтогон. Мындай жыйынтыкты эч кимде боло элек болгондуктан Роналду Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Тагыраагы, ал Ютубда каналын ачкандан кийин бир күндө эле 19 миллион 729 миң 827 адам катталган.
Роналдунун каналы ачылгандан алты күндөн кийин ага 48 миллиондон ашык адам жазылган.