Бишкекте 31-август күнү “Балама жомок” аттуу китеп жарманкеси өтөт

31-августта Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин алдында “Балама жомок” аттуу китеп жарманкеси өтөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиргендей, жарманке саат 14:00дө башталып, анда сынактар, табышмак-викторина, презентация жана мастер-класстар орун алат.
Балдарды китепке жакындатуу, сүйдүрүү үчүн “Биринчи китебим” аттуу мастер-класс, жомок боюнча табышмак-викторина, ата-энелер үчүн “Жомок айткан ата-эне” номинациялары боюнча конкурс уюштурулат.
Ошондой эле Касымалы Баялинов атындагы китепкана тарабынан куурчак театр, трафарет менен сүрөт тартуу, “Куликовский” кондитер үйү тарабынан “Жомок каармандарын жасоо” мастер-классы уюштурулат. Улуттук оюндарды жайылтуу максатында “Биринчи упай оюну” упай эрежелери боюнча мастер-класстар өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан