Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” музей комплексинде “Кылым карыткан тарых жана улуу мурас” аттуу тарыхый-архивдик документтердин көргөзмөсү өттү.
Шаардык мэриядан билдиргендей, көргөзмөгө калаа мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилери жана студенттер катышышты.
Даректүү көргөзмө тарыхый маалыматтардын негизинде түзүлүп, анда 1924-жылдын 14-октябрындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусу, анын түптөлүшү тууралуу документалдык материалдар көрсөтүлдү.