Эртең, 29-августта күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11 ... +16, күндүз +20 ... +25,
Талас жергесинде түнкүсүн +6 ... +11, күндүз +18 ... +23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13 ... +18, күндүз +25 ... +30,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +9 ... +14, күндүз ... +20 ... +25,
Нарын дубанында түнкүсүн +7 ... +12, күндүз +21 ... +26.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын табы түнкүсүн +14 ... +16, күндүз +23 ... +25 градус болот.