“Ысык-Көл айланма жолунун 104-184,5-чакырымдар аралыгын (Корумду-Балбай баатыр тилкеси) реконструкциялоо” долбоору боюнча курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Транспорт министрлигинен билдиришти.
Анда курулуш мөөнөтү 2024-2027-жылдарга белгиленген унаа жол төрт тилкелүү болуп, тротуар, велосипед жолу менен 14 көпүрөнүн жана 877 суу өткөргүчтөрдүн курулушу менен реконструкциялоо жумуштары каралган.
"Долбоордун алкагында жарыктандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, темир бетон парапеттер, тосмолор орнотулуп, эс алуу зонасы бар унаа токтотуучу жайлар курулат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары долбоордо жолду жашылдандыруу да каралган.