Бүгүн, 28-августта Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттиги турак жай рыногуна мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Натыйжада июль айында батирдин бир чарчы метринин орточо баасы 85 миң сомду, же миң долларды түзгөн. Ал эми жеке турак жайлар 109 миң 882 сомду, коммерциялык жайлар болсо 101 миң 416 сомго жеткен.
«Батирлердин баасынын жогорулашы курулуш материалдардын кымбатташына көз каранды. Инфляция жана доллар менен улуттук валютанын курсунун айырмасы негизги факторлор болуп саналат. Мындан тышкары Мамкурулуштун турак жайларды курууда курулуш компанияларына койгон талаптарын катаалдаштыруу сыяктуу факторлор да таасир этиши мүмкүн», - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалагандай, борбор калаада батирлердин чарчы метринин баасы өткөн жылдын 7 айына салыштырмалуу 17,83 пайызга өскөн. Июль айында жыл башына салыштырмалуу бир чарчы метрдин баасы 12,22 — 13,58 пайызга өскөн.