Көк бөрү боюнча Президенттин кубогуна арналган турнир башталды

Бүгүн, 28-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү оюну боюнча Президенттин кубогуна арналган турнир старт алды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, турнир Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу, бир гана лиганын алкагында, олимпиадалык системанын негизинде өткөрүлүп жатат.

Кубок үчүн жалпы 14 команда ат салышууда:

- "Ак-Суу";
- "Алтын-Альянс";
- "Ак-Илбирс";
- "Ысык-Ата";
- "Казарман";
- "Ала-Арча";
- "Талас шаары";
- "Бапа Барскоон";
- "Бийиктик";
- "Ичке-Суу";
- "Асанбек-Ата";
- "Кара-Ой";
- "Шахтёр";
- "Чүй-Токмок".

Мелдештер Дене тарбия жана спорт департаменти жана көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан