Баткен облус аймагында мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында “Нелегал” ыкчам алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул туурасында Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Анда кызматкерлер тарабынан кыргыз өлкөсүндө эмгектенип жүргөн 63 чет элдик жаран менен баарлашуу болуп, алардын 25ине мыйзам бузгандыгы боюнча айып пулдар салынды.
“Нелегал” ыкчам профилактикалык иш-чарасы облус аймагында 5 күн катары менен өтүп, бүгүн, 28-августта жыйынтыкталгандыгы маалыматта кошумчаланган.