Бишкекте орто жолдон Мерседес-Бенц унаасы өрттөнүп, аны кайгуул кызматкерлери өчүрдү.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 16:20 чамасында Байтик баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа белгисиз себептерден улам күйүп кеткен.
Өрттү Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери өчүрүшкөн.
Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы кошумча чакырылганы айтылды.