Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялады.
Маалыматка ылайык, жалпы республика боюнча 762 бош кызмат орун бар.
Сынактын биринчи этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо 29-августта саат 9:00дө башталып, 11-сентябрда саат 18:00дө аяктайт.
Сынактын шарттары боюнча толук маалыматты шилтемеден окуй аласыз.