"Мураска калчу имарат". Борбордогу жаңы Ак үй качан ачылары белгилүү болду (видео)

Бишкек шаарынын түштүгүндө курулган "Ынтымак – Манас Ордо" аталышындагы жаңы Ак үйдүн имаратынын расмий ачылыш аземи 30-августта өтөт. Бул туурасында бүгүн, 28-августта президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык баракчасында билдирип, видеосу менен бөлүштү.

Анын айтымында жаңы президенттик администрация тарыхый жана мамлекеттик маанидеги имарат болуп келечек муунга мураска калат.

"Ак үйдүн жаңы имараты президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен курулган, башынан аягына чейин анын жеке көзөмөлүндө болгон. Бул тарыхый жана мамлекеттик маанидеги имарат келечек муунга мураска калчу имарат болуп саналат. Президентибиз келечекти түптөп жатат, биз баарыбыз бул тарыхый иштин күбөсү болуудабыз", - деп калтырган билдирүүсүндө.

28.08.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан