Орусиядагы Новосибирск облусунун Чаны аймагында Кыргыз жаранынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын 23-августунда катталган.
"Кыргыз жаранына карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси менен кылмыш иши козголгондугу белгилүү болду.
Учурда аталган жаран ооруканага жаткырылып, тиешелүү медициналык жардамдарды алууда", - деп жазылат маалыматта.
Новосибирск шаарындагы Башкы консулдук аталган жарандын туугандары менен байланышта болуп, керектүү консулдук жардам көрсөтүп жатканы кабарланды.