Бишкекте шаар мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында борбор калаанын мэриясынын кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык комиссиясынын жыйыны өттү. Бул туурасында кечээ, 28-августта мэриянын маалымат бөлүмү кабарлады.
Анда шаардык Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева 2024-2025-окуу жылына даярдык көрүүдө мекемелердеги учурдагы абалга токтолду.
Анын айтымында, 232 жалпы билим берүүчү мекеме, анын ичинде 121 мектеп жана 111 бала бакча иштейт.
“228 миң окуучу билим алып, анын ичинен 20 миң 780 окуучу биринчи класска барышат. Бардык билим берүү мекемелери канцелярдык, тиричилик буюмдары жана медициналык буюмдар менен камсыз болуп, коопсуздук да уюштурулган”, - деп белгилеген департамент директору.
Ошондой эле жыйында 232 участоктун ичинен 141 участокто мектептердин жанындагы жол сызыктарын чийүү иштери бүткөрүлүп, Транспорт жана жол транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына ишти тездетүү тапшырмасы берилди.
Жунушалиев бул маселени күнүмдүк көзөмөлгө алууну уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына тапшырды.