Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтын реконструкциялоо боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы оңдоо иштери 31-августка чейин бүтөрүн белгиледи. Бул туурасында кечээ, 28-августта мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында борбор калаанын мэриясынын кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык комиссиясынын жыйыны өттү.
Анда Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана укук тартибин камсыз кылуу, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо жана окуу мезгилинин башталышына билим берүү мекемелеринин даярдыгы талкууланды.
Белгилей кетсек, калаа мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы буга чейин борбордук аянттагы ар кандай түстө күйүп турган фонтандар жасала тургандыгын айткан. Жана да курулуш иштеринин жүрүшү менен тааныштырган.