Бишкек мэриясы Эгемендүүлүк күнү шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн жеке унаанын ордуна коомдук транспорт колдонууга чакырат.
Мэриянын басма сөз кызматы бул аракеттер жол тыгынын болтурбоо үчүн болуп жаткандыгын кошумчалады.
Айта кетсек, 31-августта борбордук “Ала-Тоо” аянтында Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бир нече майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Мындан тышкары мыйзамсыз соода-саттык жүргүзүүгө, спирт ичимдиктерин сатууга жана ичүүгө айрым жерлерде тыюу салынат. Ошондой эле айрым көчөлөрдө унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет.