Бишкекте бүгүн, 26-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер ырчы айымы» наамынын ээси Чолпонайдын алгачкы жеке концерти өтүүдө.
Ырчынын жеке концерти менен куттуктап сахналаштары Назгүл Токтакунова менен Азиз, Мирбек Атабеков, Арсен жана рэперлер Бегиш менен Баястан келишти.
Арсен Чолпонайга чыгармачылык ийгилик каалап, "До+Фа" кыргыз кино индустриясында жаңычылдыктардын бири болоруна ишенерин айтты. "Аталган тасмага Ралия экөөбүз саундтрек ырдап чыккан элек. Тилекке каршы, Ралия келе албай калды. Ырды Илима аттуу ырчы кыз менен аткармакчыбыз",- деди. Тасманын саундтреги Арсен менен Илиманын аткаруусунда жаңырды.