Бишкекте Эне менен баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлерине аймактык саламаттык сактоо уюмдарынан келип түшүүчү электрондук багыттоо системасы пилоттук режимде ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, аймактардан келип, дарыгерге көрүнөм дегендер алдын ала электрондук кезек алып көрүнгөнгө шарт түзүлдү.
"Муну менен 4-5 сааттап кезек күтүү жоюлуп, оорулууларды жазылган күнү, сааты менен кабыл алуу жүрөт", - деп айтылат маалыматта.