"Крокустагы" терактка шектелип дагы 5 адам кармалды

Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" соода борборунун концерттик залындагы терактка байланыштуу кылмыш ишинде беш жаңы айыпталуучу пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Москванын Басманный райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Теракт боюнча дагы 5 адам, тагыраагы, Гадоев Н., Исмаилов З., Солиев М. жана Солиев У., Хамидов Х. аттуу жарандар камлашыкан. Аларга Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча айып тагылууда. Алардын арасында теракт, терактка аракет кылуу, террордук уюмга катышуу жана курал-жарактарды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча беренелер бар.

Сот алардын баш коргоо чарасын карап, аларды 1-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

"Крокус Сити Холлдогу" теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, дагы 551 адам жаракат алган. Бул иш боюнча 12 адам, анын ичинде төрт кылмышкер жана алардын болжолдуу шериктери кармалган. Бул террордук акт боюнча эң жогорку жаза өмүр бою эркинен ажыратуу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан