"Үй-бүлөм менен айылдамын". Хит ырлардын ээси Эрлан Андашев 37 жашка толду (видео)

"Кечир мени", "Сүйүп калдым, кантейин?", "Ашыгым", "Ооба, билем" аттуу хит ырлардын аткаруучусу, ырчы Эрлан Андашев бүгүн, 29-августта 37 жашка толду. Ырчы бул жылы туулган күнүндө туулуп-өскөн айылында экенин билдирди.

"Туулган күнүмдө үй-бүлөм менен айылдамын, кечээ келдим эле. Негизи белгилебейт деле болчумун, ойдо жок жерден эле үйдөгүлөр куттуктап калышты. Учурда досторум, жакын адамдарым, кесиптештерим куттуктап жатышат.

Туулган күн тоскондордун катарында эмесмин. Бирок ар бир туулган күнүм өзүнүн өзгөчөлүгү менен эсте калат", - деди ырчы мырза.

Эрлан Андашев 1987-жылы 29-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылында төрөлгөн. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык жатак мектепти аяктаган. Учурда ырчы мырза жубайы менен бир кыз, бир уулду тарбиялап келишет.

Эрлан Андашев алгач “Сүйүп калдым, кантейин?” деген ырды аткарып, эл оозуна алынган. Мындан сырткары "Сүйбөс болдум", "Таарынба", "Айперим", "Кечир мени", "Ооба, билем", "Уяласың го", "Ашыгым", "Ойлон" жана башка бир нече хит ырларды жараткан.

Эрлан Андашев 2020-2021-жылдары "Жылдын мыкты аткаруучу мырзасы", 2021-жылы "Жылдын мыкты композитору" номинациясына татып, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. Ошондой эле ал "Американын эң мыкты ырчы мырзасы" аталган.
29-августка карата жылнаама.
Эрлан Андашев 37 жашка толду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан