Ырчы Чолпонайдын концертине эстрада ырчыларынан түзүлгөн дуэт, трио, квартет көрк кошту

Бишкекте бүгүн, 26-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер ырчы айымы» наамынын ээси Чолпонайдын алгачкы жеке концерти өтүүдө. Концертке кыргыз эстрада жылдыздарынан түзүлгөн дуэт, трио жана квартет көрк кошуп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады. 
Ырчылар Арсен, Алмаз Адамалиев жана Айбек Замирбек уулу тандеми "До+Фа" тасмасына жазылган саундтректи аткарышса, Чолпонай, Неля, Назгүл Токтакунова жана Кундуз Канатбек кызы квартет, ошондой эле КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова менен Чолпонай дуэт ырдашты. Концерт "We ll be" бий тобунун бийчилеринин коштоосунда өтүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rufiya
2013-12-26 21:38:42
чолпонай сага ийгилик! Ырларынды анча билбейм бирок кинодогу аткарган ролун мага аябай жаккан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан