Япониянын Кюсю аралында катуу бороон болуп, жарандар эвакуацияланууда (видео)

«Шань-шань» тайфуну Япониянын түштүк-батыш бөлүгүн каптап, электр тармактары бузулуп, аба каттамдарына тоскоолдук жаралып, ири завод-фабрикалар ишин токтотууга мажбур болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, өлкө бийлиги бороон-чапкындан кеминде үч адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алгандыгын айтышууда.

Улуттук метеорология агенттигинин маалыматына караганда, кырсык болгон аймакта шамалдын ылдамдыгы саатына 180 чакырымга жеткен. Япониянын жети префектурасында 230 миңдей кожолук электр жарыгысыз калды.

Синоптиктер тайфун бир нече күн Кюсю аралында кармалып, дем алыш күндөрү борбордук жана чыгыш аймактарга, анын ичинде Япониянын борбору Токиого жакындарын эскертти.

Жапон бийлиги өлкө боюнча 5 миллиондон ашуун адамды эвакуациялоого буйрук берди.

Кюсю аралында учурда аба каттамдар токтоп, темир жолу, автобекттер убактылуу ишин жапты.

Япониянын Кюсю аралында катуу бороон болуп, жарандар эвакуацияланууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан