Бүгүн, 29-августта Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында Эгемендүүлүк күнүнө карата гарнизондук саптык кароо болуп өттү. Гарнизондук саптык кароого облустагы ички иштер бөлүмдөрүнүн, ЖКККБнын жана ИИМдин кызматтарынын жетекчилери жана өздүк курамы катышты.
Талас ОИИБини башчысы Азенбек Козукеев өздүк курамды 31-август Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы менен куттуктады. Майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти, жарандардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Өздүк курам арасында мыйзамдуулукту бузууга жол бербөө, кызматтык тартипти сактоону талап кылды. Ошондой эле кызматкерлердин формасын, кызматка даярдыгын текшерди.
Гарнизондук саптык кароо учурунда өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарган бир катар кызматкерлерге атайын наамдар тапшырылып, жаңыдан дайындалган кызматкерлер өздүк курамга тааныштырылды. Мындан сырткары милиция менен тыгыз кызматташкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Талас ОИИБинин ардак грамоталары менен сыйланышты.
Соңунда өздүк курам жана кызматтык автоунаалар саптык жүрүштөн өтүштү.
Белгилей кетсек, Эгемендүүлүк күнүндө Талас облусунун аймагында 500дөн ашуун милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алышат.