Орусия америкалык журналисттерге өлкөгө кирүүгө тыюу салды

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бир катар компания өкүлдөрү, прокурорлор, чиновниктер, аскер кызматкерлери жана The Wall Street Journal, The New York Times жана The Washington Post гезиттеринин журналисттери болгон 92 америкалык жаранга өлкөгө кирүүгө тыюу салганын жарыялады.

Тышкы иштер министрлиги "либералдык-глобалист" деп сыпаттаган бул басылмалардын кызматкерлери "Орусия жана анын куралдуу күчтөрү жөнүндө фейк маалыматтарды" түзүүгө жана жайылтууга катышарын белгилеген.

Ведомство санкциялар тизмесин кеңейтүү АКШ тарабынан киргизилген санкцияларга жооп катары “чечкиндүүлүк жана ырааттуулук менен” улана турганын билдирди.

23-августта АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын Украинага каршы согушуна байланыштуу Орусияда жана башка өлкөлөрдө 400гө жакын жеке жана юридикалык жактарга санкция жарыялаган.

Бул чаралар АКШнын Украинадагы 2022-жылдын февралында башталган аскердик өнөктүгү үчүн Орусияга кысым көрсөтүү аракеттеринин бир бөлүгү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан