Орус өкмөтү 2025-жылдан тарта көзөмөлгө алынган адамдардын реестрин киргизүүнү пландап жатат, анда мөөнөтү өтүп кеткен же жокко чыгарылган миграциялык документтери бар эмгек мигранттары, ошондой эле административдик укук бузууларды жасап, депортацияланууга тийиш болгондор тууралуу маалыматтар камтылат. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы жазып чыкты.
Басылма белгилегендей, реестрдин ишин сүрөттөгөн нормативдик документтер азырынча жок. Ошол эле учурда өкмөт реестрге киргизилүүчү маалыматтардын көлөмүн азайтуу максатында мыйзам бузууга барган айрым мигранттарга мунапыс берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоодо.
Миграция саясаты боюнча өкмөттүк комиссиянын маалыматы боюнча, учурда Орусияда документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен же укук бузган 630 миңдей мигрант бар.
РАНХиГСтин изилдөөсүнө ылайык, Орусияга эмгек мигранттарынын агымы дагы эле коронавирустук пандемияга чейинки деңгээлдеги калыбына келе элек. Өткөн жылы мыйзам менен көйгөйлөрү жок эмгек мигранттарынын саны 3,5 миллионго жакын адамды түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик 1 миллионго аз.
Ички иштер министрлиги 2024-жылдын башынан бери Орусиядан 65 миңден ашык чет өлкөлүк жаранды чыгарып, 120 миң мигрантка өлкөгө кирүүгө тыюу салган.