Чолпонайдын "До+Фа" аттуу шоу концертинде белек берилип, жаңы жылдык маанай тартуулады
Бишкекте бүгүн, 26-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер ырчы айымы» наамынын ээси Чолпонайдын алгачкы жеке концерти өтүүдө. Алып баруучулар кызыктуу оюн өткөрүү менен көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулады. Ошондой эле Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө белектер тартууланды.