Пакистанга бизнес жана туристтик максатта бара турган Кыргыз жарандары үчүн виза алуу жеңилдетилди. Бул туурасында ТИМдин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, Кыргыз жарандары туристтик жана ишкердик визаларга расмий онлайн-виза системасы аркылуу тапшыра болот.
"Визага талапкерлер жогоруда аталган системадагы 30 милдеттүү талаасы бар кыскартылган анкетаны толтурушат. Арыз берилгенден кийин, эгерде, системадагы “кара тизмеде” чыгып калбаса автоматтык түрдө виза берүү жөнүндө билдирүү чыгарат. “Кара тизмеге” кирип калган учурда, арыз 24 сааттын ичинде иштелип чыгат. Арызды берүү визалык жыйымдарсыз, анын ичинде документтерди кароо акысыз жүргүзүлөт" деп жазылат ТИМдин маалыматында.
Мындай шарттар кыргызстандыктарга Пакистандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө барбастан, жеңилдетилген тартипте виза алууга мүмкүнчүлүк берет.