Бишкекте “скрипка ханзаадасы” Даниэль Лозаковичтин концерти өттү

Кечээ, 20-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда дүйнөгө белгилүү болгон швециялык скрипкачы Даниэль Лозаковичтин концерти болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Лозакович атактуу композиторлор Моцарт менен Сибелиустун чыгармаларын Эл артисти Рахатбек Осмоналиев жетектеген Асанкан Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык-симфониялык оркестринин коштоосунда аткарды.

Анда дээрлик 300 жыл болгон “страдивари” скрипкасынын үнү ойнотулду.

Белгилей кетсек, Даниэль Лозакович концерттин жүрүшүндө "Кыргызстанды өз үйүмдөй жакшы көрөм" деп белгиледи.

Эске салсак, белгилүү скрипка-виртуозу 23-жашта. Анын апасы кыргыз. Ал Эгемендүүлүктүн 33 жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата атайын чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан