Шавкат Мирзиёев Өзбекстан спортуна катуу тапшырманы койду

Коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2028-жылы Лос-Анжелесте өтүүчү Жайкы Олимпиада оюндарында өлкө курамасы медалдык эсепте алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирүүнү максат кылып жатканын айтты.

"Париждеги жыйынтыктарды терең талдап, керектүү тыянактарды чыгаргандан кийин биз, албетте, эмитеден эле кийинки Олимпиадага даярдыктарды башташыбыз керек. Биздин кийинки негизги максатыбыз – алдыдагы Олимпиадада алдыңкы ондукка кирүү", - деди президент Париждеги Олимпиада оюндарына катышкан спорттук делегациянын өкүлдөрү менен жолугушууда.

Өзбекстан Парижде өткөн Олимпиадада 8 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль утуп, Канададан кийин 13-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан