Бүгүн, 30-августта Кыргызстандын аймактарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын жана Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгын утурлай жаңы социалдык объекттердин жана өнөр жай ишканаларынын ачылышына старт берилди. Өлкө боюнча мектеп, бала бакча, медициналык мекеме сыяктуу 60 имарат, кичи ГЭС, алтын кен, цемент заводдору сыяктуу 40 өндүрүш ишкана тапшырылды.
Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Кемин районунда жаңы курулуп, ишке берилген "Терек-Таш" цемент заводунун клинкер чыгаруучу ишканасынын ачылышына катышты. Мамлекет башчысы онлайн-телекөпүрө аркылуу башка аймактарда колдонууга берилүүчү ишканлардын, мекемелердин салтанаттуу ачылышына уруксат берди.
Садыр Жапаров көз карандысыз мамлекеттин түптөлүшүнө ата- бабалардын эмгеги чоң экендигин белгиледи. Ошондой эле кийинки муунга өнүккөн өлкөнү тапшырууга ири ишканалардын ачылышы, келечек муундун билим алуусуна шарт түзүү сыяктуу алгылыктуу иштер өбөлгө боло тургандыгын белгиледи.
"Кыргызстандын экономикалык өсүшү туруктуу өнүгүүнү көрсөтүүдө – ички дүң продукциянын орточо өсүү темпи акыркы үч жылда 7 пайыздан кем болгон жок.
Ал эми 2024-жылдын январь айынан июль айына чейинки мезгилде экономиканын өсүү темпи 8,7 пайызга чейин чыгып, 677 миллиард сомду түздү.
Өлкөнүн бюджети олуттуу өсүштү көрсөтүп, акыркы үч жылда 2 эсе көбөйдү. 2020-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети 247,7 миллиард сомду түзсө, 2023-жылы бюджеттин ресурстары 577,2 миллиард сомго жетти. 2024-жылдын соңуна чейин 650 миллиард сомдун чегинен өтөрүнө ишенем.
Ошону менен бирге өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүн узак мөөнөттө сакташ үчүн биз 2030-жылга ички дүң продукциябыздын көлөмүн 30 миллиард АКШ долларына жеткиребиз деген дымактуу максат коюп жатабыз.
Бүгүн биз жөн гана жаңы завод-фабрикаларды ачпастан, өлкөбүздүн өнөр жайында көз карандысыздыкты камсыз кылган жаңы доордун башталышын да белгилеп жатабыз. Бул ишканалар жаңы жумуш орундарын түзүп, экономиканын өсүшүнө, элдин жашоо сапатынын жакшырышына жана өлкөнүн технологиялык деңгээлинин көтөрүлүшүнө зор салым кошот.
Жаңы ачылган ишканалар прогресстин символу болуп, келечекте өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, ал эми жаңы ачылган мектеп, бала бакчалар билим сапатын арттырууга жол чабат деп ишенем", - деп белгиледи өлкө башчысы.
Айта кетсек, өлкөдө Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында быйыл 100дөн ашык социалдык объект жана 100дөн ашык өнөр жай ишканалары ачылат.