Кечээ, 29-августта Термез шаарында Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев менен Ооганстандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизий жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалымдалгандай, тоо-кен, нефтини кайра иштетүү жана башка тармактарда кызматташуу, ошондой эле товар жүгүртүүнү жогорулатуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле Азизийдин Кыргызстанга боло турган сапары тууралуу сөз болду.