Йеменде козголоңчу хусилердин «Ансар Аллах» кыймылы көзөмөлдөгөн Аль-Махвит провинциясында селден 16 адам набыт болуп, кеминде 22 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Соңку маалыматтарга ылайык, Ходейда менен кошо төрт провинциядагы акыркы сел жана селдин кесепеттеринен кеминде 86 киши каза болуп, 33 миңдейи жабыркады.
Өлкөнүн батышында жана тоолуу аймактарда сентябрь айынын аягына чейин жамгырлуу аба-ырайы күтүлүүдө. Жергиликтүү метеорология департаменти "нөшөрлүү жаан-чачындын жаңы толкуну" тууралуу эскертти. Тургундарга ойдуң жерлерден алыс болуу сунушталат.
Йеменде март айында башталып, июль айында күчөгөн муссон мезгили быйыл өзгөчө кыйроолорду жаратып, миңдеген үй-бүлөлөрдү үйлөрүн таштап кетүүгө мажбурлады жана ири зыянга учуратты.
БУУнун гуманитардык маселелер боюнча кеңсесинин маалыматы боюнча, катуу суу ташкындары июнь айында башталып, июль айында жана августтун башында күчөгөн.
Агенттиктин маалыматына караганда, 9-августка карата 34 миңден ашуун үй-бүлө суу ташкынынан жапа чеккен, алардын арасында Ходейда, Хаджа, Саада жана Таиз "кыйраткыч жамгырдан" эң көп жабыр тарткан аймактар.
Мектептер жабылып, дамбалар урап, негизги жолдор жабылып, жер которгондор үчүн лагерлер суу ташкынынан чоң зыянга учураган. БУУнун Качкындар боюнча агенттиги курман болгондордун көбү жер которгон үй-бүлөлөр экенин билдирди.
Суу каптоо жылдар бою согуш жана туруксуздуктан алсыраган өлкөдө холера эпидемиясы коркунучун күчөттү. 1-августтан 18-августка чейин клиникага холера оорусуна шектелген 530 бейтап түшкөн.
БУУнун маалыматы боюнча, Йеменде холера оорусуна шектелген 164 миңге жакын учур бар, жакынкы апталарда бул көрсөткүч 250 миңге жетиши мүмкүн.