Бүгүн, 30-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 584 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
"Суунун агып келиши секундасына 505 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 292 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми үч күн мурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 522 миллион куб метрди түзгөн.