Коңшу Казакстанда белгисиз адамдар жашы ортолоп калган күзөтчүнү (болжолу мамлекеттик мекемеде иштеген) курчоого алып, кемсинткен. Бул тууралуу видео интернет желесинде таркалууда.
Видеодо блогерлер күзөтчүгө "эркек эмессиң. Аялга кол көтөрдүң, сен үй-жайсызсың, юбкачан эркексиң" деп айтып жатканын көрүүгө болот.
Социалдык тармактарда видеодогу 56 жаштагы эркек кишини блогерлер уруп, кан басымы стресстен улам көтөрүлүп, ооруканада каза болгон деп жазышууда.
Казак полициясы учурда маалыматтын чын-төгүнүн текшерип жатканын билдирген.