
Билим берүү жана илим министрлиги Ислам академиясынын ректорлук кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт.
Министрликтен билдиргендей, сынактык тандоого 65 жаштан ашпаган, белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген жарандар катыша алат.
Документтерди кабыл алуу 30-августта башталып, 12-сентябрь күнү саат 18:00дө аяктайт.
Дареги: Бишкек шаары, Касым Тыныстанов көчөсү, 257, Билим берүү жана илим министрлиги, 210-кабинет.