Москванын "Локомотив" футболдук клубунун мурдагы оюнчусу Александр Алиев украин армиясын Курск аймагындагы карапайым тургундарды өлтүрүүгө чакырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында айтты.
"Мен Курск аймагында фронтто турган, андан ары жылып бараткан балдардан сурангым келет. Бул жердеги карапайым калкты биздин аялдарга, жаш балдарыбызга кылган мамилеси үчүн өлтүргүлө", - деди Алиев Instagram баракчасында.
Александр Алиев – белгилүү украиналык футболчу. Ал Украинанын эл аралык даражадагы спорт чебери. Алиев Хабаровск шаарында туулуп, 12 жыл Орусияда жашагандыктан анда Орусиянын паспорту да бар. Атасы аскердик учкуч болуп кызмат кылган, апасы Курск шаарынан. Baza Тelegram каналынан алынган маалыматка караганда, Алиевдин Курск шаарында туугандары бар.