Бишкек — Ош унаа жолунда, анын ичинде Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү участокто жол тыгынын азайтуу максатында курулуп жаткан жолдун узундугу 14 чакырымды түзөт. Бул тууралуу долбоордун өкүлү Ибрагим Өсөров билдирди.
Маалымдалгандай, жол эки тараптуу 4 катар болот. Анда Кара дарыянын үстүнөн өткөн 200 метрлик көпүрө жана Жазы дарыясынын үстүнөн 97 метрлик көпүрө курулууда. Жолдун 8 кечилишине туннель аркылуу өтүүчү жол курулуп, светофор коюлбайт.
Белгилей кетсек, учурда аталган жолдо 300 жумушчу жана 112 техника иштеп жатат.