Кыргызстан менен Сауд Арабиянын жарандары 3 айга эки өлкөнүн аймактарына визасыз кире алышат

Кыргызстан менен Сауд Арабиянын жарандары аталган мамлекеттерде 3 ай визасыз жүрө алышат. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан жана Сауд Арабиянын жарандары – дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлери 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына визасыз кире алышат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 7-мартында Кыргызстан менен Сауд Арабиянын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин жана дипломатиялык жана атайын паспорттордун ээлерин кыска мөөнөткө визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндөгү меморандум 23-августтан тартып күчүнө кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан