Ыктыярчылар Шымкентте жаныбарлардын сабалып жаткан үрөй учурган видеосун тартып алышты (видео)

Казакстандын Шымкент облусунда ушул жылы көчөдө калган жаныбарлар үчүн атайын баш калкалай турган жай курулган. Ага кароосуз жүргөн 800гө жакын ит-мышык алынып келинген. Аталган жайга ыктыярчылар барып жаныбарларга тамак-аш берип турса болору кабарланган.

Ага ылайык 27-август күнү ыктыярчы топ жаныбарларга азык берүү максатында барып, ал жерде иштеген жумушчу адам иттерди аёосуз сабап жатканын көрүшкөн. Ыктыярчылар окуяны видеого тартып алууга жетишкен.

Окуяга күбө болгондор полицияга арыз жазышкан.

Ал эми Шымкент ШИИБи видеодогу окуя боюнча кылмыш ишин козгогон.

Казакстанда жаныбарларды аёсуз сабап жаткан видео тарады 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан