Бишкекте 31-августта борбордук "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөрүнө байланыштуу коомдук транспорттор түнгө чейин каттайт. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, муниципалдык автобустар түнкү саат 02:00гө чейин каттайт.
Эскерте кетсек, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Эгемендүүлүк күнүнө карата төмөнкү көчөлөргө чектөөлөр киргизилет:
- Чүй проспектиси, Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Фрунзе көчөсү, Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
- Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү, Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
- Ибраимов көчөсү, Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.
Мындан тышкары Ч.Айтматов жана Манас проспектилери жана Байтик баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет.