"Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын болду

Комиссия Кыргызстандын темир жол тармагын өнүктүрүү, темир жол транспортунун транзиттик потенциалын ишке ашыруу жана "Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун ийгиликтүү жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Транспорт министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, бул эл аралык темир жол долбоору этап-этабы менен ишке ашырылууда.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Пекин шаарында Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын Өкмөтү ортосундагы "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан