Бүгүн, 30-августта, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында “Жунда” заводунун ишке киргизүү жана аны модернизациялоо долбоорунун алкагындагы курулушка мезгил кутусун салуу аземи болду. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень жана “Шэньси көмүр жана химиялык өнөр жай корпорациясынын” башкы директору Чжан Футань катышты.
Маалыматта быйыл февраль айынын аягында ишкана капиталдык оңдоодон өтүп, марттын аягында ишке киргизүү иштери ийгиликтүү аяктагандыгы кошумчаланган.
Жылдын акырына чейин завод толук кубаттуулукта иштей баштайт, бул жылына 800 миң тонна чийки затты түзөт. Ошол эле учурда 400гө жакын жаңы жумуш орундары пайда болот.
"Заводду кайра ишке киргизүү маселеси Кыргызстан үчүн маанилүү орунду ээледи. Кытай тарап менен тыгыз сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатты. Кытайга болгон мамлекеттик иш сапарымдын алкагында да бул маселени Кытай Эл Республикасынын Төрагасы, урматтуу Си Цзиньпин менен талкууладым. Колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем.
Заводду модернизациялоо иштерине 450 миллион АКШ долларына жакын каражат өлчөмүндө инвестиция киргизилет.
Ишкана жогорку класстагы К4 жана К5 маркасындагы бензиндин өндүрүлүшү заман талабы жана биздин рынокко абдан керек болуп турат. Ал эми мени кубандырганы бул заводдун битум чыгарганы болду. Биздин өлкө, буюрса, жол курууда битумга болгон муктаждыгын камсыздап калат экен", - деп белгиледи мамлекет башчысы.
Белгилей кетсек, 2020-жылга чейин “Жунда” заводу бензиндин түрлөрүн, дизель, гудрон, мазут жана суюлтулган газ өндүрүп келген. Завод түрдүү себептерден улам 2020-жылдын февралында өз ишин токтоткон эле.