Президент Садыр Жапаров белгилүү ырчы, обончу Майрамбек Осмоновго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын ыйгарды. Ырчыга сыйлык бүгүн, 31-августта “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясынын жаңы имаратында тапшырылды.
Бүгүн өлкөдө Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чаралар өтүп жатат. Анын алкагында элге эмгеги сиңген атуулдарга мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар тапшырылды.