Кыргызстандыктар ар ишембиде жаңы салынган “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясына экскурсия кыла алышат. Бул туурасында президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Ишемби күндөрү жарандарыбызга жаңы Ак үйдү экскурсия кылып, баарын ачык-айкын көрсөтүп бергенге дайынбыз. Жарандар жанына ID карталарын ала келиши керек" деди Туманбаев.
Белгилей кетсек, “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясынын имараты кечээ, 30-августта ачылды. Буга удаа УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы Ак үйдүн талкууга түшүп жаткан тосмосу боюнча комментарий берген. Ошондой эле ал ар бир жаран Ак үйдү көрүп кетсе болорун кошумчалаган болчу.