Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө арналган майрамдык концерт башталды.
Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келди.
Саамалыкта сөз сүйлөгөн президент өлкө тарыхына, улуу инсандардын жасаган эмгектерине токтолуп, элди эгемендик майрамы менен куттуктады.
Майрамдык концертте кыргыз эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева жана Омар, казакстандык Роза Рымбаева, россиялык Стас Михайлов, Люся Чеботина жана Филипп Киркоров, швециялык Боссон тобу, италиялык In-Grid өзүнүн балет тобу менен кыргызстандыктарга майрамдык маанай тартуулашат.
Ал эми концерттин соңунда Орусияда жылдызы жанган кыргызстандык Амирчик ырдайт.
Иш-чараны "дрондордун шоусу" коштойт.