Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Аспек Жумашев менен Асек Урманбетовго батир берилди. Бул тууралуу калаа мэриясы маалымдады.
Билдирүүгө караганда, батирлердин сертификаттарын кечээ, 31-августта шаар мэри Айбек Жунушалиев тапшырган.
Маалыматта ардагерлердин турак жай маселеси көп жылдар бою чечилбей келген белгиленген.
"Ушул жылдын 9-майында Айбек Жунушалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып жатып, маселени тез арада чечүүгө даяр экенин билдирген. Президент Садыр Жапаровдун чечими менен ардагерлер Аспек Жумашевге 2 бөлмөлүү батир, Асек Урманбетовго «Жал» кичи районунан 3 бөлмөлүү батир берилди" деп жазылат маалыматта.