ИИМ соцтармакта тараган кызматкерлердин видеосу боюнча түшүндүрмө берди

Ички иштер министрлиги социалдык тармакта эки милиция кызматкеринин ортосунда араздашуу болду делген видео боюнча түшүндүрмө берди.

Укук коргоо органы кызматкерлердин ортосунда эч кандай араздашуу болбогонун айтат.

"Кызматкерлердин ортосунда эч кандай араздашуу болгон эмес, түшүнбөстүк орун алган. Бир милиция кызматкери кысылып, өзүн жаман сезип жаткан адамдарды алып чыгуу үчүн өткөрүп жиберүүнү суранган. Экинчиси кырдаалды өз учурунда түшүнгөн жок жана курчоо сызыгын үзбөөнү талап кылган.

Туура эмес жүрүм-турум фактысы боюнча профилактикалык маектешүү жүргүзүлүп, маселе ордунда чечилген" дешти ИИМден.

Министрлик жарандарды туура эмес маалымат таратпоого чакырды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан