Орусянын Камчатка жарым аралында Ми-8 учагынын кыйрашынын натыйжасында бардык жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү набыт болду. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, учакта болжолдуу 22 адам болгон.
"Витязь-Аэро" авиакомпаниясынын Ми-8 тик учагы 31-августта эртең менен Вачкажец жанар тоосуна жакын жерден учуп чыккандан кийин дароо радардан жоголуп кеткен. Тик учакта үч экипаж мүчөсү жана 19 жүргүнчү болгон. Жүргүнчүлөрдүн арасында Орусиянын футбол союзунун каржы директору Арсений Замятин жана анын жубайы болгон”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда учактын кулашынын себептери аныкталып жатат.