"Эки сулуу" деген ат менен таанылган блогер Айданага сүйүктүүсү сөйкө салды.
Сөйкө салуу кечээ, 1-сентябрда Бишкектеги кыздын ата-энесинин үйүндө өткөн.
"Эки сулуу" аты менен таанылган кыздар социалдык тармактарда ар кандай пародияларды аткарып, элдин маанайын көтөрүп келгени менен белгилүү.
Айдананын жигити кыздын колун 26-июлда сураган. Анда блогер кыз жигитине "макул" деп жооп берген.