Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо бийликтин партиясы алдыда келе жатат. Президент Илхам Алиевдин партиясы, алдын ала маалыматтар боюнча, бир палаталуу парламенттеги 125 орундун 68ине ээ болот. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалымдалгандай, Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларынын 91 пайызынын протоколдорун кароонун жыйынтыгын жарыялаган.
Добуш берүүгө шайлоочулардын 37,27 пайызы катышты. Азербайжанда шайлоону өттү деп таануу үчүн шайлоо босогосу жок.
“Жаңы Азербайжан” партиясынын депутаттары июнь айында президент Илхам Алиевден мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү суранышкан. Шайлоо алгач ноябрь айына пландаштырылып, сентябрга жылган. Депутаттар сунушту жылдыруунун себеби БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP29) конференциясы ноябрда Бакуда өтө турганы менен түшүндүрүшкөн. Шайлоо биринчи жолу Тоолуу Карабактын аймагында да өттү.