Чүй облустук милициясы дайынсыз болуп жаткан 7 жаштагы Амир табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилгенин кабарлады.
Буга чейин милиция Амир аттуу бала Военно-Антоновка айылындагы үйүнөн ойногону чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин маалымдап, көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнгөн.